Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Арсен Кыдыралиев башкармалыктын бөлүмдөрүнүн начальниктери менен жыйын өткөрдү. Күн тартибиндеги негизги маселе – документтерди жеке кабинет аркылуу жөнөкөйлөтүлгөн түрдө тапшыруу. Азия Өнүктүрүү Банкынын процесстерди автоматташтыруу жана автоматташтырылган маалыматтык тутумду киргизүү боюнча долбоорунун алкагында, иштеп чыгуучу компаниянын өкүлдөрү адистердин бардык сунуштарын жана сын-пикирлерин кабыл алып, жакынкы арада программага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө убада беришти. Белгилей кетсек, бул чечим санариптештирүү, коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча чаралардын алкагында, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгын жана ыңгайлуулугун жогорулатуу максатында ишке ашырылууда. Арыз ээсинин жеке кабинетин http://cabinet.bga.gov.kg шилтемеси аркылуу ачсаңыз болот.