2026-жылдын 1-февралынан тартып Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгында бардык баш тартуулар арыз ээлеринин жеке кабинеттери аркылуу электрондук форматта гана берилет.

Бул чечим коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чараларынын алкагында, ошондой эле мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында ишке ашырылууда.

Электрондук форматка өтүүнүн негизги артыкчылыктары: • Баш тартуу кагазын алуу үчүн кеңсеге келүүнүн кереги жок; • Баш тартуу онлайн режиминде, каалаган убакта жеткиликтүү; • Адамдык фактор жана ашыкча байланыштар жокко чыгарылат; • Процесс тезирээк жана түшүнүктүү болот. Электрондук форматка өтүү – бул жарандар үчүн заманбап, ачык жана ыңгайлуу кызмат көрсөтүүгө карай маанилүү кадам.

Арыз ээсинин жеке кабинетине бул шилтеме аркылуу кире аласыз: http://cabinet.bga.gov.kg

By odmun

Leave a Reply

Your email address will not be published.