Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура боюнча башкы башкармалыгынын жетекчилигинин жана жамаатынын демилгеси менен турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр үчүн жаңы жылдык кайрымдуулук акциясы уюштурулду.

Аталган иш-чара жаңы жылдык корпоративдин ордуна муктаж үй-бүлөлөргө майрамдык маанай тартуулоого багытталды.

Башкармалык тарабынан социалдык жактан аярлуу катмарга кирген жана көп балалуу 15 үй-бүлөгө жаңы жылдык белектер, жылуу кийим-кечелер жана күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр тапшырылды.

Мекеменин кызматкерлери ар бир үй-бүлөнү келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, 2026-жылы бакубат жашоо, ден соолук жана бардык каалоолорунун орундалышын каалашты. Жардам алгандар өз кезегинде башкармалыктын жамаатына көрсөтүлгөн көңүл буруу, камкордук жана майрамдык маанай үчүн ыраазычылык билдиришти.

By odmun

Leave a Reply

Your email address will not be published.