Азия Өнүктүрүү Банкынын Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын автоматташтырылган маалыматтык тутумун киргизүү жана процесстерди автоматташтыруу боюнча долбоорунун алкагында “Электрондук документ жүгүртүүгө өтүү боюнча коммуникация стратегиясы” темасында семинар өттү.
“Бирдиктүү терезе” жана санариптештирүү бөлүмүнүн адистери тутумдун иши менен таанышып, иштеп чыгуучу компаниянын өкүлдөрүнө кызыктырган суроолорун бере алышты.
Белгилей кетсек, өтүү планы Бишкек башкы башкармалыгынын кызматкерлери үчүн да, тапшырыкчылар үчүн да ыңгайлуу боло турган эң оптималдуу вариантта түзүлгөн жана берилген.