Бишкекте жеке компания “Эрежелер боюнча жарнама: документтер, ченемдер, жоопкерчилик” деген темада бизнес-тамактануу (эртең мененки) уюштурду, ага шаардык дизайн бөлүмүнүн башчысы Айгерим Эстебесова жана башкы адис Айжамал Усупова чакырылган.

Адистер Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын атынан барышкан. Алар чогулгандарга тышкы жарнаманы жайгаштыруу чөйрөсүндөгү актуалдуу өзгөрүүлөрдү түшүндүрүштү.

Шаардын жарнамалык жана визуалдык мейкиндигин тартипке келтирүүгө жана шаар чөйрөсүнүн эстетикасын жогорулатууга багытталган жаңы талаптар жөнүндө айтып беришти. Коноктор арасында Бишкек жана Оштогу жарнама компанияларынын өкүлдөрү, ошондой эле жарнама боюнча адистер жана ар кандай PR компаниялардын өкүлдөрү болушту. Көпчүлүктү документтерди даярдоо мөөнөтү боюнча суроолор кызыктырды. “Биздин негизги максатыбыз – бизнес үчүн тоскоолдуктарды түзүү эмес, Бишкектин бардык коноктору жана жашоочулары үчүн шаардык мейкиндикти ыңгайлуу, коопсуз жана эстетикалык жактан жагымдуу кылуу”, – деп жыйынтыктады Айгерим Эстебесова.

By odmun

Leave a Reply

Your email address will not be published.