Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын жетекчилиги 9-декабрда бекитилген Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүндө, онлайн режиминде арыз берген биринчи тапшырыкчылар менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда башкармалыктын башчысынын орун басары Арсен Кыдыралиев кызмат көрсөтүү жараянына санариптик технологияларды киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Өзгөчө көңүл, автоматташтыруу жана иштин ачык-айкындуулугу аркылуу коррупциянын алдын алуу чараларына бурулду. “Арыз берүүнүн онлайн-форматына өтүү арыз берүүчүлөр менен кызматкерлердин ортосундагы жеке байланышты минималдаштырат, бул коррупциялык тобокелдиктерди кыйла азайтат. Документтерди карап чыгуунун ар бир этабы тутумда жазылып, процесстин толук ачыктыгын камсыз кылат. Тапшырыкчы анын документи кайсы этапта жана кайсы кызматта каралып жатканын онлайн көрө алат”, – деди Арсен Кыдыралиев.

Жолугушууга жаңы тутумду биринчилерден болуп колдонгон тапшырыкчылар, анын ичинде долбоорлоочу компаниялардын өкүлдөрү жана борбор калаанын тургундары чакырылган.

Айтмакчы, бүгүнкү күндө топографиялык сүрөткө тартууга жана шаардык дизайн бөлүмүнүн кызматтарына он-лайн режиминде өтүнмөлөрдү берүүгө болот. Бул үчүн бул шилтеме боюнча жеке кабинетти түзүү керек https://cabinet.bga.gov.kg/ Тапшырыкчылар башкармалыкка барбай эле арыз тапшыруунун ыңгайлуулугун, реалдуу убакыт режиминде өтүнмөнүн абалын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн жана убакытты үнөмдөө артыкчылыгын белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тутумдун ишин жакшыртуу боюнча конструктивдүү сунуштар киргизилди, алар санариптик платформаны мындан ары өнүктүрүүдө эске алынмакчы. Онлайн-кызмат көрсөтүүнү ишке киргизүү, Президенттин “Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын алкагында жүзөгө ашырылат жана бул мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатууга жана калктын мамлекеттик органдарга болгон ишенимин бекемдөөгө багытталган Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигинин санариптештирүү боюнча масштабдуу программасынын бир бөлүгү болуп саналат.

“Биз онлайн-кызматтардын тизмесин кеңейтүү жана электрондук сервистерди жакшыртуу боюнча иштерди улантабыз. Биздин максат – мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүүнү болушунча ачык-айкын, ыңгайлуу жана коррупциядан корголгон кылуу”, – деп баса белгиледи Арсен Кыдыралиев.

Жолугушуунун аягында тапшырыкчыларга ыраазычылык каттары жана эстелик белектер тапшырылды.

By odmun

Leave a Reply

Your email address will not be published.