Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын башкы сүрөтчүсү Рысбек уулу Сыймык Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясынын жетекчилиги жана МАБ адистери, ошондой эле шаардык кызматтардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Талкуунун башкы темасы, борбор калаанын дизайн-кодунун талаптары жөнүндө калкка маалымдоо болду. Жолугушууда өзгөчө көңүл районду көрктөндүрүү маселелерине бурулду. Кеп, имараттардын фасаддарынын жана көчөлөрдүн көрүнүшүн бузган интернет-провайдерлердин башаламан өткөрүлгөн кабелдери, ошондой эле белгиленген ченемдерге жооп бербеген көрнөктөр жөнүндө болду. Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын өкүлү көрнөктөр тирөөчсүз жана Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилген жарнак конструкцияларын жайгаштыруу эрежелерине ылайык так коюлушу керектигин баса белгиледи. Бизнес ээлери жана райондун жашоочулары менен натыйжалуу иштөө үчүн заманбап ыкманы колдонуу сунушталды. Адистерге дизайн кодунун талаптары жөнүндө бардык керектүү маалыматтарды, ошондой эле фасаддарды туура жасалгалоонун жана көрнөк-жарнактарды жайгаштыруунун көрсөтмөлүү мисалдары бар видеоматериалдарды камтыган QR-коду менен маалыматтык билдирүүлөрдү таратуу сунушталды. Бул формат жашоочуларга жана ишкерлерге тез арада актуалдуу маалыматтарды алууга жана өз объекттерин жол-жоболоштурууда бузууларды болтурбоого мүмкүндүк берет. Жолугушуунун катышуучулары Свердлов районунун архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу боюнча үзгүлтүксүз кызматташууга жана аракеттерди координациялоого макулдашышты.