Шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын жетекчилиги Куруучулардын эл аралык ассоциациясынын жана республиканын алдыңкы курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бишкектин башкы архитектору Медербек Кыдырмаев учурдагы иштер тууралуу, тактап айтканда, бүгүнкү күндө шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгында кандай иштер, жүрүп жаткандыгын, документтерди тапшыруудан баштап чыгарууга чейинки жол-жоболорду андан ары жакшыртуу жана жөнөкөйлөтүү жөнүндө, жалпысынан башкармалыкта документтерди өткөрүү боюнча кандай сунуштар киргизилип жаткандыгын айтып берди. Башкармалык санариптештирүү боюнча документтерди кабыл алуунун онлайн-тутумун ишке киргизүүдө, анда кардарлар өз үйлөрүнөн чыкпай эле арыз бере алышат. Ошондой эле, Бишкектин башкы планынын долбоору тууралуу сунуштар да айтылды. Куруучулар көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү: транспорт түйүндөрү, жаңы маданий мейкиндиктердин зарылдыгы, парктардын жана жашыл аймактардын абалы, инженердик инфратүзүм маселелери. Жолугушуунун жыйынтыгында, ассоциация өз сунуштарын жана сын-пикирлерин жибере тургандыгы жөнүндө чечим кабыл алынды.