Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн катышуусундагы Техникалык кеңеш Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгында болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын начальниги Медербек Кыдырмаев, анын орун басарлары Назгүл Койбагарова жана Мирбек уулу Исмаил, шаар куруу корутундулары, инженердик-техникалык шарттар, долбоорлорду макулдашуу бөлүмдөрүнүн, жол-транспортту өнүктүрүү, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери, ошондой эле башка бөлүмдөрдүн жетекчилери жана адистери жетекчилердин деңгээлинде жамааттык талкуулоону талап кылган шаар куруу маселелерин талкуулашты.
Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигинин коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Алмаз Алимбеков кызматкерлерди документтерди кылдат иликтөөгө, муниципалдык жерди өз билемдик менен басып алууга жол бербөөгө жана Бишкектин аймагында өз билемдик менен курулган объектилерди өндүрүшкө кабыл албоого чакырды.