Кыргыз Республикасынын Президентинин “Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгынын алкагында Курулуш министрлигин алдындагы Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы атайын программалык камсыздоону иштеп чыкты, анын жардамы менен топографиялык сүрөттү алуу боюнча арыздар онлайн-режиминде кабыл алына баштады. Ал үчүн системага катталып, аралыктан арыз тапшыруу жетиштүү. Жол-жобосу мүмкүн болушунча жөнөкөйлөштүрүлгөн: Онлайн системага катталып, керектүү документтер менен арыз тапшырып, жыйынтыгын алуу керек. Бул санариптештирүүдөгү дагы бир кадам. Белгилей кетсек, учурда кызмат баскыч-баскычы менен ишке киргизилип жатат, андыктан арыз кадимки режимде да берилиши мүмкүн. Ал эми жыйынтыкты берүү онлайн түрүндө ишке ашат, иш азырынча тесттик пайдалануу режиминде жүргүзүлүүдө. Жакынкы убакта, арыздарды онлайн режиминде башка кызматтар боюнча да жөнөтсө болот. Электрондук-санариптик кол тамганы алуу жана жеке кабинетте катталуу боюнча кеңешти жогорудагы qr-код аркылуу алууга болот.

By odmun

Leave a Reply

Your email address will not be published.