Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы тарабынан буга чейин иштелип чыккан долбоордун алкагында “Алтын балыктар” оргумасы калыбына келтириле баштаган. Подрядчы уюм комплексте жомоктогудай айбанаттар тартылган түстүү смальтаны көп жылдык ылайдан тазалады. Ошондой эле, реставрациялоо иштеринин жүрүшүндө адистер бетон куюлманын эки катмарынын астынан смальта менен тартылган мозаиканы табышкан. Учурда жоголгон фрагменттерди калыбына келтирүү боюнча иштер жүрүп жатат. Белгилей кетсек, аталган комплекстин айланасы да көрктөндүрүлөт. Иштин жүрүшүнө Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын комплекстүү долбоорлоо бөлүмүнүн адистери мезгил-мезгили менен көз салып турушууда.
Эскерте кетсек, Владимир Кругмандын “Сказка (Жомок)” оргумасы 1982-жылы курулган. Ал “Ысык-Көл” көп кабаттуу турак үйүнүн жанаша жайгашкан аймагы менен бирдиктүү комплексте аткарылган.