Кореялык делегация Кыргыз Республикасындагы кыймылсыз мүлк объекттерине индикациялык коддорду ыйгаруунун даректүү тутумун изилдөөнүн алкагында Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгында болушту.
Бишкек башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Азирет Акимов тутумдун кандай функциялары бар экенин жана бүгүнкү күндө Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы кандай иштеп жатканын айтып берди.
Чет өлкөлүк адистер тутумду – учурдагы кадастрдык ШАСТ тутумун андан ары иштеп чыгууну карап чыгууга жана анын ишин жакшыртууга даяр.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.