Бишкек шаарынын архитектура жана шаар куруу башкы башкармалыгы борбор калаанын дизайн-коду боюнча иретке келтирүү иштерин жүргүзүүдө. Адистер ишкерлер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, шаардык кызматтар менен биргеликте рейддик иш-чараларга катышууда. Белгилей кетсек, 2025-жылдын январь айынан июль айына чейин Башкармалык тарабынан дизайн-кодду ишке ашыруунун алкагында 73 имараттын фасадынын паспорту жана 13 эскиздик долбоор иштеп чыгарылды. Бишкек шаарынын архитектура жана шаар куруу башкы башкармалыгы борбор калаанын архитектуралык-эстетикалык көрүнүшүн калыптандыруу жана архитектуралык чөйрөнү жакшыртуу максатында ишкерлерди борбор калаанын дизайн-кодун бузбоого жана көрнөк-жарнактарды, жарнамалык конструкцияларды эрежелерге ылайык жайгаштырууга чакырат. Эске салсак, Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы № 134 токтому менен Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана пайдалануу эрежелери жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө коюлуучу талаптар бекитилген.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.