Бишкек шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкы башкармалыгынын жыйындар залында Шаар куруу кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү, ага төмөнкүлөр катышты:
✓ КР Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура департаментинин директору Замира Кангельдиева
✓ Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Кадыров
✓ Шаар куруу жана архитектура боюнча башкы башкармалыктын башчысы Медербек Кыдырмаев
✓ Райондук администрация башчылары
✓ Архитекторлор
Жыйында каралган тогуз маселенин жетиси жактырылып, экөө сапатын жогорулатуу, курулуш ченемдерине жана эрежелерине (СНиП) ылайык келтирүү үчүн кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү.