Борбор калаадагы “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинде транспорт тыгындарын жоюу кеңешме өткөрүлдү.
Жыйынга мэриянын өкүлдөрү, райондук администрация башчылары, милициянын кайгуул кызматы, “Бишкекбашкыархитектура” жана И. Раззаков атындагы КМТУнун өкүлдөрү катышты. Тыгындарды азайтуу боюнча жол инфратүзүмүн модернизациялоо, транспорт кыймылын оптималдаштыруу жана трафикти башкарууну жакшыртуу чаралары талкууланды. Транспорттук системаны өнүктүрүүнүн кыска жана узак мөөнөттүү пландары каралды. Мындай жыйындарды кырдаалга мониторинг жүргүзүү жана бардык тараптардын иш-аракеттерин координациялоо үчүн туруктуу негизде өткөрүү чечими кабыл алынды.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.