Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаардык шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын адистери Мурманск жана Абакан көчөлөрүнүн аймагын көрктөндүрүү долбоорун иштеп чыкты.
Концепция бир нече функционалдык зоналарды: активдүү жана тынч эс алуу аянтчалар, балдар үчүн ойноо комплекстер, воркаут-зона, пикник жана стол оюндары үчүн орундарды камтыйт. Ошондой эле атайын чуркоо жолу да салынат.
Объектинин өндүрүштүк ишканалар менен турак үйлөрдүн ортосунда жайгашканын эске алып, архитекторлор жалбырактуу дарактарды башкача айтканда липадан турган жашыл тосмону караштырган. Өсүмдүктөрдү сугаруу үчүн тамчылатып сугаруу системасын колдонуу пландаштырылууда.
Белгилей кетсек, дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин курулушу демөөрчүлөр тарабынан каржыланууда. Учурда эки гектардан ашык аймакта курулуш иштери жүрүп жатат. Көрктөндүрүү иштерин аяктоо ушул жылдын 31-августуна пландаштырылган.