Кыргыз Республикасынын Курулуш Министрлигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаментинин “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери Чэнду (Кытай) шаарында акылдуу шаарды пландоо маселелери боюнча окуудан өтүштү.
Окутуу Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыктын алкагында өттү.
Лекцияларды жана практикалык тапшырмаларды 4 күн аралыгында Кытайдын шаардык инфратүзүмдү өнүктүрүү жаатындагы жетектөөчү эксперттери окушту. Андан тышкары, биздин адистер жана Бишкек мэриясынын муниципалдык кызматтарынын кызматкерлери чыгып сүйлөшүштү, анда шаарды стратегиялык өнүктүрүү жана башкаруу бөлүгүндөгү борбордогу оң өзгөрүүлөр жөнүндө айтышты.
Окуунун жүрүшүндө акылдуу технологияларды пайдалануу менен шаарды пландоо, ”шаарлар-сейил бактар” моделин өнүктүрүүнү, тутумдуу талдоо, ичүүчү сууну тазалоо технологиялары, ошондой эле суу менен жабдууну жана саркынды сууларды чыгарууну “акылдуу” башкаруу принциптери жана башка инновациялык шаардык өнүгүү менен байланышкан маанилүү темалар үйрөтүлдү. Бул иш-чаралар шаарды башкаруунун ыкмаларын жана жолдорун убагында жаныртууга, ошондой эле катышуучу-өлкөлөр ортосунда достук жана кесиптик байланыштарды чыңдоого мүмкүндүк берет.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.