«Бишкекбашкыхитектуранын» мамлекеттик мекемесинин жетекчилиги жана жамааты көп жылдык өмүрүн мекемеге арнаган эки урматтуу адисти салтанаттуу түрдө ардактуу эс алууга узатышты. Жыйындар залында мекеменин начальниги, Кыдырмаев Медербек Тариэлович Супуев Жаныбек Мамыткановичке жана Венгрина Светлана Николаевнага көп жылдык ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана борбордун архитектуралык келбетин өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди. Мекеме жетекчилигинин жана начальниктин орун басарларынын атынан дээрлик 30 жыл бою кызмат милдеттерин жоопкерчилик жана берилгендик менен аткаргандыгы белгиленди. Ардагерлерге ыраазычылык каттары жана эскерүү белектери тапшырылды. Жамаат аларга чын жүрөктөн чыккан ыраазычылыгын билдирип, ден соолук, бакубат жашоо жана мындан аркы жашоосунда ийгиликтерди каалашты.