Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаментинин “Бишкекбашкыархитектура” ММнын жыйындар залында Техникалык кеңеш болуп өттү.
Техникалык кеңештин ишине начальниктин орун басары Назгуль Койбагарова, шаар куруу корутундулары, инженердик-техникалык шарттар, долбоорлорду макулдашуу бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, ошондой эле башка бөлүмдөрдүн жетекчилери жана адистери катышты. 📑Кеңештин жүрүшүндө уруксат берүүчү документтерди алууга берилген долбоорлор каралды. Курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык келбеген иштердин бир бөлүгү четке кагылып, кайра иштөөгө жөнөтүлдү.
📆Мекемеде Техникалык кеңештер курулуш объектилерин долбоорлоого документтерди кароонун жана берүүнүн бекитилген тартибине ылайык туруктуу негизде өткөрүлөт.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.