Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 18 жана 20-беренелерине ылайык, Мирбек уулу Исмаил Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай–коммуналдык чарба министрлигинин Шаар куруу жана архитектура департаментине караштуу “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин начальнигинин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министр Н.К. Орунтаев кол койгон.

Ошондой эле “Бишкекбашкыархитектура” мекемесинин жетекчисинин мурдагы эки орун басарлары ээлеген кызмат орундарына кайрадан бекитилди:

Акимов Азирет Доолатбекович – мурда ээлеп турган кызмат ордунан бошотулуп, Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин начальнигинин биринчи орун басары кызмат ордуна;

Есенбаев Нурдин Анарбекович – мурда ээлеп турган кызмат ордунан бошотулуп, Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин начальнигинин орун басары кызмат ордуна;

Негиз: Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору 3.А. Кангельдиеванын 2025-жылдын 19-майындагы Nº 01-1/2243 жана 20-майындагы NºN: 01-1/2254, 01-1/2255 сунуштамалары.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.