КР Курулуш министрлигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаментинин “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемеси маалымат алуу жараянын жөнөкөйлөтүү жана мекемеге жеке баруу зарылдыгын азайтуу үчүн Telegram-ботту иштеп чыкты.
Жакынкы күндөрү Бишкек шаарында күтүлгөн ысык аба ырайына байланыштуу Сизди кызыктырган маалымат менен алыстан – Telegram-бот аркылуу (https://t.me/suroo_bga_bot) таанышууну сунуштайбыз.
Бул үйдөн ашыкча чыкпоого жана убакытты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.
Биз көп берилүүчү суроолорго жоопторду топтодук — сиз аларды боттун шилтемеси боюнча өтүп, “Старт” баскычын басып жана ыңгайлуу тилди — мамлекеттик же расмий тилди тандоо менен таба аласыз. Ошондой эле, сиз жөн гана телефонуңуздун камерасын көрсөтүп, QR-кодун колдоно аласыз.
Эгерде Сиз биздин даректи унутуп калсаңыз же шаарды жакшы билбесеңиз, биз сиз үчүн Москва жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде тартылган 360° форматындагы видеону даярдадык — бул сизге оңой багыт алууга жардам берет.
Видеого шилтеме: https://www.youtube.com/watch?v=kOfcZJ4e3vA
Түшүнгөнүңүз үчүн ыраазычылык билдиребиз жана биздин мекеме менен ыңгайлуу өз ара аракеттенүүңүздү каалайбыз!