Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаментинин “Бишкекбашкыархитектура” ММнын начальниги кызматында биринчи жумушчу кеңешмени Медербек Кыдырмаев өткөрдү.
Жыйын мекеменин жыйындар залында өттү. Тиешелүү токтомго өзгөртүүлөрдүн долбоорун талкуулоого начальниктин орун басары Назгуль Койбагарова, юридикалык бөлүмдүн кызматкерлери, башкы инженер, райондук архитекторлор, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөрдүн начальниктери катышты.
Талкуунун жыйынтыгында Медербек Кыдырмаев айтылган демилгелерди тутумдаштырып, Шаар куруу жана архитектура департаментинин кароосуна жиберүүнү сунуштады. Кеңешменин катышуучулары бул сунушту колдошту.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.