Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин “Бишкекбашкыархитектура” ММнин шаардык дизайн бөлүмүнүн адистери Бишкек мэриясынын Октябрь райондук администрациясынын кызматкерлери менен биргеликте Орто-Сай базарынын аймагындагы ишкерлерге билдирүүлөрдү берүүнү аякташты.
Жалпысынан, уруксат берүүчү документтери жок орнотулган же борбордун дизайн кодуна дал келбеген жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо жөнүндө 50дөн ашык билдирүү берилген. Мекеме ишкерлерди кардарларды тартуу үчүн жарнаманын заманбап түрлөрүн колдонууга жана соода түйүндөрүнүн терезелерине баннердик жарнамалардан жана ар кандай түстөгү өзү чапталуучу тасмалардан баш тартууга үндөйт. Бул багыттагы иштер шаар боюнча улантылат.
Сизди кызыктырган суроолор боюнча кеңеш алуу үчүн “Бишкекбашкыархитектура” ММнын шаардык дизайн бөлүмүнө: Турусбеков көчөсү, 31, 5-кабат, 511-кабинет дареги боюнча кайрылсаңыз болот. Телефон: 0312 312 990.