“Бишкекбашкыархитектура” ММны, Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаевдин тапшырмасы менен автоматташтырылган маалыматтык тутумунун (ББА АМТ) базасында Бишкекбашкыархитектуранын Telegram-боту түзүлгөн. Анын жардамы менен борбордун жашоочуларына керектүү маалыматтарды алуу жана мекеменин “Бирдиктүү терезесине” тапшыруу үчүн документтерди чогултуу жеңилдейт.
Бишкекбашкыархитектуранын Telegram-ботунун “Суроо-жооп” бөлүгү, шаар куруу, архитектура жана курулуш маселелери боюнча мекемеге кайрылган тургундардын көп берилүүчү суроолоруна негизделген. Виртуалдык жардамчы 14 негизги суроого жооп берет, алардын ичинде суб-темалар да бар. Суроолордун саны акырындап көбөйөт.
Учурда, бул Telegram-бот кайра байланышуу жана анын иштешин жакшыртуу үчүн тесттик режимде иштеп жатат. Кийинки этапта, жасалма интеллект менен интеграциялоо пландаштырылууда, бул колдонуучулардын суроо-талаптарына так жана тезирээк жооп берип, алардын өз ара аракеттенүүсүнүн сапатын кыйла жакшыртат.
Баштоо үчүн https://t.me/suroo_bga_bot шилтемесине өтүңүз.
Маектешүү терезеси ачылганда, «Start» командасын басыңыз.
Сизди кызыктырган суроону тандап, керектүү маалыматты алыңыз.