“Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруу максатында, мекеменин аянтчасында Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу кеңешме болуп өттү.
Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү менен биргеликте “Бишкекбашкыархитектура” ММ тарабынан иштелип чыккан Бишкек шаарынын башкы планынын жашылдандыруу жана ирригация бөлүмдөрүн иштеп чыгуу боюнча техникалык тапшырманы Дүйнөлүк банк менен макулдашуу маселелери козголду.
Ошондой эле, Дүйнөлүк банк тарабынан каржылануучу Бишкек шаарындагы “Жашыл тилке” долбоорун ишке ашыруу талкууланды. Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев чогулгандарды бул долбоорлор шаардын кызыкчылыгы үчүн экендигин айтып жана мекеме тарабынан бул долбоорлорду тез арада ишке киргизүүгө максималдуу көмөк көрсөтүлөт деп ишендирди.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.