Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев менен биргеликте Японияга иш сапары менен барышты. Иш сапарынын алкагында санариптик технологиялар жана инновациялык чечимдер чөйрөсүндөгү алдыңкы япониялык компания – Metarise Japan өкүлдөрү менен жолугушуу болду. Бишкек шаарынын инфратүзүмдүк долбоорлорун ишке ашырууга инвестицияларды тартуу үчүн кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэри жана борбордун башкы архитектору мастер пландан тартып башкы планга чейинки шаар куруу документтерин долбоорлоо жаатындагы дүйнөлүк лидер – Nikken Sekkei менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Негизги көңүл урбанистика, шаар чөйрөсүн пландаштыруу жана Кыргызстандын борборунун инфратүзүмдүк долбоорлоруна заманбап архитектуралык чечимдерди киргизүү чөйрөсүндө кызматташуунун келечегине бурулду.
Жолугушуулардын жыйынтыгында, экологиялык технологияларды киргизүүгө, шаарды башкарууну санариптештирүүгө жана шаардык инфратүзүмдү модернизациялоого багытталган мындан аркы биргелешкен иштер тууралуу макулдашууларга жетишилди.
Мэрдин Японияга болгон сапары, Бишкекти туруктуу өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жолундагы маанилүү кадам болду.