Бишкектин башкы архитектору борбор шаар үчүн гана эмес, эл аралык деңгээлде да маанилүү болгон маанилүү объектилерге автордук көзөмөл жүргүзүүнү улантууда.
Урмат Карыбаев Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин алдындагы Архитектура жана шаар куруу департаментинин “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин комплекстүү долбоорлоо бөлүмүнүн башчысы Эйнар Кулбаев менен биргеликте “Алга” спорт комплексинин курулушунун кезектеги этабы менен таанышты.
Бишкектин башкы архитектору объекттин прорабы менен жолугуп, автордук көзөмөлгө ылайык өз сын-пикирлерин айтты.
Эске салсак, “Бишкекбашкыархитектура” ММ тарабынан иштелип чыккан долбоорго ылайык, көп функционалдуу спорт комплексинин аймагында заманбап спорттук инфратүзүм каралган, анын ичинде:
• трибунасы жана чуркоо жолу менен стадион;
• дене тарбия – ден соолукту чыңдоо комплекси;
• мейманкана;
• футбол үчүн машыгуучу талаалар;
• воркаут-аянтча;
• волейбол жана баскетбол үчүн универсалдык аянтча;
• терраса жана амфитеатры менен кафе;
• бүтүндөй аймакты жашылдандыруу жана көрктөндүрүү;
• авто унаа токтотуучу зоналар.
Чоң Чүй каналынын боюнда сейилдөөчү зона, тротуар уюштурулат.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.