Шаар башчысы КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаментинин “Бишкекбашкыархитектура” ММ начальниги – Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаевге жана Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальнигине курулуш-монтаждоо иштеринин жана курулуш материалдарынын сапатына туруктуу көзөмөл жүргүзүүнү тапшырды. Өткөн дем алыш күндөрү, башкы архитектор Д.Омурзаков атындагы стадиондун кичи спорт аренасына кезектеги ирет барып, прорабга айрым курулуш нюанстары боюнча бир катар тапшырмаларды берди.