Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев “Бишкекбашкыархитектура” ММда салттуу жарандарды кабыл алууну өткөрдү. Ар дайымкыдай эле, ал тургундар менен актуалдуу маселелерди талкуулап, алардын сунуштарын кунт коюп угуп, ар тараптуу түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Шаардыктар менен ачык маек натыйжалуу чечимдерди табууга жана шаарды баары үчүн ыңгайлуу кылууга жардам берет.