Шаардык кызматтар Кыргыз Республикасынын Мамкурулуш агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаментинин “Бишкекбашкыархитектура” ММсы менен бирге Бишкектин жол-транспорттук инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча активдүү иштерди улантууда.
Тактап айтканда, Бишкекте жаңы аялдама комплекстерин уюштуруу процесси жүрүүдө. Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин, Жол-транспорт инфраструктурасы департаментинин, “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын, райондук администрациянын, ШИИБ МПКБнын, ошондой эле “Бишкекбашкыархитектура” ММнын адистери Жайыл Баатыр көчөсүндө аялдама комплексин уюштуруу мүмкүнчүлүгүн жеринде изилдеп чыгышты.
Бишкекте аялдама комплекстерин уюштуруу процесси “Бишкекбашкыархитектура” ММ тарабынан иштелип чыккан схемага ылайык башталды. Белгилей кетсек, 2024-жылы Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев борбордогу жаңы аялдама комплекстеринин эскиздик долбоорлорун бекиткен.