Жолугушууга Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев, анын биринчи орун басары Азирет Акимов, мекеменин кызматкерлери, КР Мамкурулуш агенттигинин өкүлдөрү, Бишкек мэриясынын санариптик технологиялар борборунун адистери, Азия өнүктүрүү банкынан долбоордун координатору, ошондой эле иштеп чыгуучу компания катышты.

Азыркы учурда, ББА АМТ алдын ала сыноо (тестирлөө) режиминде. Программа бир эле учурда “Бирдиктүү терезе” программасы менен параллелдүү режимде иштеп жатат. Иштеп чыгуучу компания аткарылган иштер жөнүндө кыскача отчет берип жана аныкталган көйгөйлөр жөнүндө билдирди.
Талкуулоо жараянында жолугушуунун катышуучулары, мамлекеттик шаар куруу кадастрын иштеп чыгуу аркылуу бардык аныкталган көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун милдеттүү түрдө киргизүү менен аткарылган иштер жөнүндө отчет даярдоо зарыл деген тыянакка келишти.

Ошондой эле катышуучулар үчүн программанын демонстрациясы болуп, анда программанын ичинде түзүлгөн бардык иш процесси жана башкаруу статистикасы көрсөтүлдү.
Мындан тышкары, ишти улантууда жакынкы келечекте пайда болушу мүмкүн болгон маселелер талкууланды.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.