Кыргыз Республикасынын Мамкурулуш агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаментинин “Бишкекбашкыархитектура” ММсынын жыйындар залында ирригациялык көзөнөктөр (скважина) үчүн орунду аныктоо боюнча комиссиянын жыйыны болуп өттү.
Жолугушуу “Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу” долбоорунун алкагында болду. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын Экспертиза жана чечимдерди даярдоо бөлүмүнүн башкы адиси Данияр Балтагулов, “Жашылчарба” МИнин кызматкери, Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин, “Кадастр” БФнын адистери, ошондой эле “Бишкекбашкыархитектура” ММнын начальнигинин орун басары Медер Кыдырмаев, башкы инженер Махабат Шамбетова, жер участокторун түзүү бөлүмүнүн начальниги Жыпара Усенакунова көзөнөктөрдү бургулоо мүмкүн болгон жерлер талкууланды.
Жолугушуунун аягында “Бишкекбашкыархитектура” ММ тарабынан, борбордогу жашыл бак-дарактарды суугарууда колдонула турган көзөнөктөрдү бургулоо үчүн жер участокторунун бир нече варианттары сунушталды.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.