Фере жана Мусорский көчөлөрүнүн кесилишинде “Кыргызстанга 40 жыл” сейил багы жайгашкан. Мурун, бул сейил бак жашыл бак-дарактары менен кооз жана жайлуу эс алуучу жай болгон. Бирок, убакыттын өтүшү менен ал ташталган жайга айланып, көпкө чейин каралбай калган.
Бишкектин мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасын аткаруу үчүн, “Бишкекбашкыархитектура” ММнын адистери бул сейил багын көрктөндүрүү долбоорун иштеп чыгышты.
Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев комплекстүү долбоорлоо бөлүмүнүн адиси Бактыбек Айдаров менен бирге жерине барып, учурдагы абал менен таанышып, долбоорго ылайык, келүүчүлөргө жеткиликтүү жана ыңгайлуу болуусу үчүн, сейил бакты бойлото жаңы жолчолорду уюштуруу жана куруу пландалып жатканын айтты.
Бул жолдор сейилдөөнү жеңилдетет, ошондой эле сейил бактын экотутумун бузбай, анын табигый атмосферасын сактоого жардам берет.
Долбоор менен кирүү тобун уюштуруу, балдар аянтчасын жайгаштыруу, чырактарды, отургучтарды жана воркаут аянтчаларын орнотуу каралган. 

Видеону көрүү: https://www.youtube.com/watch?v=3rqaqUtHR4s

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.