Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Мамкурулуш агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаментинин “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемеси Бишкек мэриясынын кызматтары менен биргеликте жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдын алкагында жерге жайгаштыруу схемаларын жана шаар куруу корутундуларын даярдоо боюнча иштерди активдүү улантышууда. Документ жарандарга талаштуу кыймылсыз мүлккө менчик укугун бекитүүгө мүмкүндүк берет. Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев жер мунапысы боюнча бөлүмдүн начальниги Тынчтыкбек Амиров менен биргеликте, андан ары комиссияда кароо үчүн, Бишкек шаарынын турак жай конуштарын куруунун даярдалган 88 схемасына кол коюшту. Бул багыттагы иштер улантылат.

 

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.