КР Мамкурулуш агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаментинин “Бишкекбашкыархитектура” ММ кызматкерлерине коррупция үчүн кылмыш жазасы күчөтүлгөндүгү тууралуу айтып беришти.
Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу Алмаз Алимбеков, кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиндеги коррупцияга каршы күрөшүү боюнча акыркы өзгөртүүлөрдү түшүндүрүп берди.
Ал өзүнүн баяндамасында мекеменин кызматкерлерин Кылмыш-жаза кодексинин негизги беренелери менен тааныштырды, ага ылайык, белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу милдеттүү түрдө дайындалат жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда кызмат орундарын ээлөөгө өмүр бою тыюу салынат (КР КЖ кодексинин 63-беренеси, 336-343, 344-берененин 2,3,4-бөлүктөрү, 345-берененин 2 жана 3-бөлүктөрү, 346-348- беренелер).
Ошондой эле, Кылмыш-жаза кодексине ылайык, адам тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн күнөөнү моюнга алуу жана материалдык зыяндын ордун толук толтуруу жөнүндө макулдашуу түзүлгөндө, сот адам күнөөлүү деп табылган беренеде каралган жазанын минималдуу мөөнөтүнүн жарымынан кем эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза белгилей тургандыгы белгиленет (КР 79-беренеси, КЖ 336-348).
Жолугушууда КР Мамкурулушунун алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору Замира Кангельдиева кызматкерлерди чынчыл иштөөгө жана чагымга алдырбоого чакырды.
Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев мекемеде жүргүзүлүп жаткан санариптештирүү жана арыз берүүчүлөр менен байланышты максималдуу кыскартууга жана коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштырууга мүмкүндүк бере турган автоматташтырылган маалыматтык тутумга өтүү тууралуу айтып берди. Ошондой эле, ал “Бишкекбашкыархитектура” ММнын жамаатына кайрылып, ишке болгон мамилени толугу менен өзгөртүүгө жана өзүнүн функционалдык милдеттерин так, мыйзам чегинде аткарууга чакырды.
Кеңешме коррупция үчүн кылмыш жазасын күчөтүүнүн жана Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасынын алкагында өткөрүлдү.