Кыргыз Республикасынын Мамкурулушунун алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаментинин “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинде 2025-жылы алгачкы жолу жарандарды жеке кабыл алууну Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев жүргүздү. Бир нече сааттын ичинде Бишкек шаарынын башкы архитектору, анын орун басары Назгүл Койбагарова, ошондой эле бөлүмдөрдүн начальниктери жана адистери борбор калаанын тургундарына ар тараптуу кеңеш берип, көмөк көрсөтүштү. Суроолор негизинен жер участокторунун чек араларына жана жеке турак үйлөрдү курууга тиешелүү болду.
Ошондой эле, административдик-аймактык реформанын алкагында үйлөрү шаарга кирген кээ бир шаардыктар кеңеш алуу үчүн келишкен. Жарандарды жеке кабыл алуу бекитилген графикке жана жарандарды жеке кабыл алуунун регламентине ылайык начальник жана анын орун басарлары тарабынан жүргүзүлөт. Кабыл алууга жазылууну каалагандар 0312 45 68 09 телефон номери аркылуу катчыга фамилиясын жана атын, ошондой эле кайрылуунун мазмунун айтып жазылышы керек, мында адистер архивдик иштерди алдын ала изилдеп чыгышат.