Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы боюнча муниципалдык менчик объекттерин башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, муниципалдык мүлктү берүү жол-жобосунун ачыктыгын камсыз кылуу жана оптималдаштыруу максатында Бишкекте муниципалдык менчик объекттерин башкаруу жана тескөө маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды (ЧУА) инвентаризациялоо жана жакшыртуу боюнча жумушчу комиссия түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Мамкурулушунун алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаментинин “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин жыйындар залында Бишкек мэриясынын адистери жана Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин кызматкерлери менен жолугушуу болуп өттү. Борбор калаанын башкы архитектору Урмат Карыбаев жана анын орун басары Медер Кыдырмаев шаар куруу корутундуларын колдонуудагы жоболорго ылайык даярдоонун учурдагы мөөнөттөрү жөнүндө айтып беришти жана натыйжалуу жана ыкчам башкаруу үчүн кызматтардын биргелешип иштөөсү боюнча көз карашын билдирди.
Апта ичинде дагы бир нече жолугушуулар болуп, жыйынтыгында биргелешкен сунуш даярдалат.