“Бишкекбашкыархитектура” ММнын жыйындар залында Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбев орун басары Нурдин Есенбаев менен бирге мунапыс боюнча бөлүмдүн начальниги жана адистер менен жолугушуу өткөрдү.
Мекеменин жетекчилиги, Мамкурулуштун директору Н.К. Орунтаевдин тапшырмасына ылайык адал иштөөгө жана коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоого чакырды. Урмат Карыбаев административдик-аймактык реформанын алкагында келип түшкөн арыздардын көлөмү көбөйгөнүн айтып, бирок ошого карабастан өлкө башчысы – Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгын кынтыксыз, ыкчам жана сапаттуу ишке ашырууну тапшырды.
Ал келечекте жолдорду, тротуарларды, ирригацияны көйгөйсүз куруу жана жашылдандыруу үчүн жетиштүү орун болушу үчүн документтерди кылдаттык менен изилдөө керектигин баса белгиледи.

By odmun

Leave a Reply

Your email address will not be published.