“Бишкекбашкыархитектура” ММнын жыйындар залында Фучик жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги транспорттук жол түйүнүнүн курулушу боюнча кеңешме болуп өттү. Жолугушууга “Бишкекбашкыархитектура” ММнын начальнигинин орун басары Нурдин Есенбаев, Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын, “Бишкексууканал”, “Бишкекжылуулуктармагы”, “Кыргыз темир жолу “УК” МИнин бөлүм башчылары, ошондой эле мекеменин адистери катышышты.
Жыйындын жүрүшүндө мындан аркы иш-аракеттер боюнча сунуштар түзүлүп, жол түйүнүнүн курулушуна жолтоо болгон бир катар объекттерди көчүрүү чечими кабыл алынды. Жакынкы арада, чечим кабыл алуучу жетекчилер кайра жайгаштырууга жаткан объектилердин маселесин чечүү үчүн кайрадан чогулушат.
Белгилей кетүүчү нерсе, жол түйүндөрү унаалардын бир жолдон экинчи жолго тоскоолдуксуз өтүүсүнө, ишараттык светофорлорду же токтотуу белгилерин айланып өтүүгө шарт түзөт. Жолдун мындай уюштурулушу жана үзгүлтүксүз болуусу күтүү убактысын кыскартууга жана жол кырсыктарын азайтууга жардам берет.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.