“Бишкекбашкыархитектура” ММнын райондук архитекторлор бөлүмүнүн адистери, райондук администрациялардын жетекчилиги жана шаардык кызматтар менен биргеликте борбордогу соода борборлорунун ичиндеги авто унаа токтотмо жайларына текшерүү жүргүзүштү. Акимдердин орун басарлары, Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын, Капиталдык курулуш башкармалыгынын адистери, ошондой эле райондук архитекторлор бөлүмүнүн кызматкерлери жер-жерлерде алгач берилген архивдик документтерде көрсөтүлгөн объектилердин учурдагы абалына шайкештигин текшерип, жол берилген мыйзам бузууларды жазып чыгышты. Бишкек шаардык архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын өкүлдөрү мыйзам бузуулар орун алган соода борборлорунун администраторлоруна билдирүүлөрдү тапшырышты. Чогултулган бардык маалыматтар, мындан ары тиешелүү чараларды көрүү үчүн Бишкек мэриясына берилет.

 
 

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.