“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин жыйындар залында Москвадагы (МААМ) Эл аралык архитекторлор академиясынын президенти Андрей Боковдун атынан МААМдын вице-президенти Джумамедель Иманкулов куттуктоо текстин айтып, МААМдын Академиялык кеңешинин сессиясынын чечими менен Урмат Карыбаев Москвадагы Эл аралык архитектура академиясынын профессору болуп шайлангандыгын белгиледи.
Жолугушууга архитекторлор, илимий ишмерлер жана МААМдын мүчө-корреспонденттери катышышты. Ошондой эле, Бишкектеги жеке архитекторлордун бири профессор наамын алды.
МААМдын вице-президенти, академиянын ага ылайык иши уюштурулуучу 2025-2030-жылдарга карата иш пландары жана программасы жөнүндө айтып берди.
Белгилей кетсек, Урмат Карыбаев борбор калаанын башкы архитектору катары негизги ишмердигинен тышкары, агартуу иштери менен да активдүү алектенет. Ал Кыргызстандын борбор калаасындагы жогорку окуу жайларында жана ири эл аралык аянтчаларда спикер катары да үзгүлтүксүз чыгып турат.
Видеону көрүү: https://www.youtube.com/watch?v=np8UEf7vYzI