«Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин отчету угулду.
Башкы архитектор У.Карыбаев дизайн-код долбоорунун алкагында 9 айда аткарылган иштер, жаңы жолдордун курулушу, ишкананы санариптештирүү, бир катар объектилерди реконструкциялоо, ошондой эле жакынкы келечектеги пландар тууралуу айтып берди.
Мындан тышкары, Айбек Джунушалиев шаардык кызматтарга «Менин шаарым» тиркемесинин ишин тез арада оптималдаштырууну тапшырды. Бул тиркеме боюнча жүргүзүлгөн мониторинг көрсөткөндөй, шаардык кызматтар тиркемедеги тургундардын кайрылууларына жооп бербейт же кайрылуулар сапатсыз иштетилет.
Борбор калаа башчысы жарандардын суроо-талаптары тез арада чечилиши үчүн «Мэрге кайрылуу» деген бөлүмдү кошууну тапшырды.
«Тиркеменин ишин күчөтүп, мобилдик жумушчу топ түзүп, жер-жерлерге чыгуу керек. Жарандар белгилеген объектилерге артыкчылык берилет. Биз жарандар менен түз иштешибиз керек», – деп кошумчалады мэр.
Ошондой эле А.Джунушалиев аталган тиркемеде суроо-талап боюнча жоопкерчиликсиз иш жүргүзгөн шаардык кызматтарга карата белгиленген тартипте катуу чаралар көрүлөрүн белгиледи.