“Бишкекбашкыархитектура” ММ начальнигинин биринчи орун басары Азирет Акимов Далянь муниципалдык долбоорлоо-изилдөө институтунун жетекчилиги жана адистери менен жолугушту.
Жолугушууга мекеменин кызматкерлери да катышты.
Коноктор өз компаниялары жана алар иштеген кесиптик кызматтар жөнүндө айтып беришти. Атап айтканда, компания коммуналдык чарба, архитектуралык долбоорлоо, транспорт тутумдары, ландшафттык архитектура жана инженердик кеңеш берүү тармагын долбоорлоого жогорку лицензиялардын алты категориясына ээ. Мындан тышкары, бул ири компанияда 600дөн ашык адам иштейт, алардын ичинен 90 го жакыны тастыктамаланган инженерлер.
Жолугушууда алар өз иштерин көрсөтүштү, анда долбоорлордун көбү жаратылышты сактоо жана туристтер үчүн жагымдуулукту жаратуу үчүн даярдалган. Жыйынтыгында, тараптар кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюуну макулдашышты.