“Баштапкы документтерди даярдоо борбору” муниципалдык унитардык ишканасынын (МУП) жетекчиси Роман Надежев (Татарстан Республикасы, Казан шаары) Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаевди, анын биринчи орун басары Азирет Акимовду жана мекеменин кызматкерлерин электрондук форматта иштөө үчүн учурда болгон программаларды тесттик режимде колдонууга чакырды.
Бүгүнкү күндө, “Бишкекбашкыархитектура” ММны санариптештирүү жана реформалоо долбоорунун алкагында IT адистери Бишкектин бардык имараттарынын, курулуштарынын жана жолдорунун маалыматтарын санариптештирүү үчүн программалык камсыздоонун үстүндө иштерди аякташты. Бул программанын жардамы менен мекеменин жетекчилиги жана адистери чычканчаны чыкылдатуу менен курулуп жаткан же курулуп бүткөн объект жөнүндө бардык керектүү кадастрдык маалыматты биле алышат.
Эске салсак, сентябрдын аягында Казандан жогорку квалификациялуу адистер Бишкекке келип, “Бишкекбашкыархитектура” ММнын кызматкерлери үчүн мастер-класс өткөрүшкөн.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.