“Бишкекбашкыархитектура” МИнин жетекчилиги жана жамааты жалпы шаардык ишембиликке катышты.
Тазалоо, Президент Садыр Жапаровдун “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өтүп жатат.
Турусбеков көчөсүн Бөкөнбаевден Жибек Жолу проспектисине чейин ишкананын 143 кызматкери кургак жалбырактардан, желим идиштерден, ар кандай кутулардан жана башка катуу тиричилик таштандыларынан тазалашты, ал эми ишкерлер чектеш аймактарын жакшыртышты, ошол эле учурда “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери чыгарылган таштандыларды ташып кетип жатышты.
Биргелешип шаарды тазалай алабыз!