Татарстан Республикасынын Казан шаарынан “Баштапкы документтерди даярдоо борбору” муниципалдык унитардык ишканасынын (МУИ) кызматкерлери Бишкекке учуп келишти жана Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев, анын орун басарлары жана “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын жамааты менен жолугушту.
Адистер геодезия, геология, картография, архитектуралык долбоорлоо, кадастр жана жерге жайгаштыруу жаатындагы иштер менен алектенишет. Бүгүн жыйын залында алар презентация жасап, алардын порталы кандай иштеп жатканын айтып беришти.
Буга чейин, видеоконференция байланышы аркылуу Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев башында турган “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын санариптештирүү бөлүмүнүн начальниги, IT боюнча башкы адиси жана адис топографтары “Баштапкы документтерди даярдоо борбору” МУИ жетекчиси Роман Повышев менен тыгыз кызматташуу жана тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашкан.
Бүгүнкү күндө, “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасын санариптештирүү жана реформалоо долбоорунун алкагында, IT адистери Бишкектин бардык имараттарынын, курулмаларынын жана жолдорунун маалыматтарын санариптештирүү үчүн программалык камсыздоонун үстүндө иштөөнү активдүү улантышууда. Бул программанын жардамы менен ишкананын жетекчилиги жана адистери чычканчаны чыкылдатуу менен курулуп жаткан же курулуп бүткөн объект жөнүндө бардык керектүү кадастрдык маалыматты биле алышат.
Казандан жогорку квалификациялуу адистердин келиши Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаевдин жана “Бишкекбашкыархитектура” МИнин кызматкерлеринин Татарстан Республикасына сапарынан кийин ишке ашты, анда Казан мэриясы менен анын түзүмдүк бөлүмдөрү жана башкы архитектору Ильсияр Тухватуллина менен тыгыз байланыш түзүлгөн болучу.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.