“Бишкекбашкыархитектура” МИ Бишкек мэриясынын кызматтары менен бирге мыйзамсыз жарнамаларга каршы күрөшүү жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн калыбына келтирүү боюнча иштерди улантууда. Бул жолу Дэн Сяопин проспектисине визуалдык тартип орнотулду.
Ленин районунун башчысы Жыргалбек Шакиевдин протоколдук тапшырмасына ылайык, Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын, Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясынын кызматкерлери, МАБдын жана “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын адистери Бишкек шаарынын аймагындагы Дэн Сяопин проспектинде Абаканская көчөсүнөн Патрис Лумумба көчөсүнө чейинки маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана пайдалануу эрежелерине жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын тышкы көрүнүшүнө коюлган талаптарга ылайык келбеген жарнамалык конструкцияларды жана көрнөктөрдү демонтаждашты.
Ошондой эле, “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын райондук архитекторлор бөлүмүнүн адистери жарнамалык конструкциялары же көрнөктөрү Бишкектин бекитилген Дизайн-кодуна дал келбеген ишкерлерге 100 гө жакын билдирүү беришти.
Жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруудан мурун, ишкерлерден бирдиктүү дизайн-кодду сактоо үчүн “Бишкекбашкыархитектура” МИсине кайрылууну суранабыз.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.