Аббревиатуралар кесиптик байланышты жеңилдетип, текстти кыскартып жана кабылдоону жеңилдетет.
“Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы (МИ) да четте калбайт жана адистер өз ишинде кыскартууларды көп колдонушат, бирок шаар куруу иши менен сейрек кездешкен борбордун тургундары жана коноктору жооп-катта эмне жөнүндө сөз болуп жатканын дароо түшүнө алышпайт. Биз борбор калаанын жашоочулары жана коноктору үчүн шаар куруу жана архитектура жаатындагы бир катар түшүндүрмөлөрдү берүүнү чечтик. Ошентип, эң негизгисинен баштасак:
ББА – Бишкекбашкыархитектура, ишкананын максаты Бишкек шаарынын аймагында архитектуралык-шаар куруу ишин өнүктүрүү аркылуу шаардын тургундарынын жана борбордун конокторунун жашоо-турмушунун жагымдуу чөйрөсүн түзүү болуп саналат. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет: Бишкек шаарынын аймагында жана шаар четиндеги чөлкөмдөрдө шаар куруу-архитектуралык ишмердүүлүк жаатында бирдиктүү стратегиялык саясатты жүргүзүү жана ишке ашыруу.
БП – Башкы план (шаардын аймагынын өнүгүшүн аныктоочу документ). Азыркы учурда, Nikken Sekkei япониялык архитектуралык компаниясы Бишкек шаарынын БП концепциясынын аналитикалык бөлүгүн иштеп чыгууну улантууда. Бүгүнкү күндө, Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев жана анын биринчи орун басары Азирет Акимовдун, ошондой эле шаар куруу-пландоо бөлүмүнүн адистеринин жетекчилиги астында иш процесстерин онлайн талкуулоо улантылууда.
АТК – архитектуралык-техникалык кеңеш – курулуш, инженердик камсыздоо жана курулуш ченемдери маселелерин стратегиялык чечүү үчүн түзүлгөн туруктуу иштөөчү коллегиялуу орган. “Бишкекбашкыархитектура” МИнин залында үзгүлтүксүз негизде АТК өтүп турат. Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев, анын орун басарлары, башкы инженери, бөлүм башчылары жана адистери татаал жана талаштуу долбоорлорду чогуу талкуулап, аларды чечүүнүн жолдорун табышат.
Кийинки макалада, биз Сизди архитектуралык чөйрөдөгү башка маанилүү жана көп колдонулган аббревиатуралар менен тааныштырабыз.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.