“Бишкекбашкыархитектура” МИнин жетекчилиги жанажамааты бардык кыргызстандыктарды жалпы улуттукмайрамы – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүменен куттуктайт! Бүгүн биздин өлкө 33 жылдыгын белгилеп жатат жанаэкономикалык өнүгүүнүн таасирдүү натыйжалары жана эл аралык аренадагы ийгиликтери менен сыймыктана алат. Алсак, кечээ бир эле убакта онлайн-форматта Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгынмайрамдоонун алкагында Кыргыз РеспубликасынынПрезиденти Садыр Жапаровдун катышуусу менен 40 өнөржай жана 60 социалдык объектинин ачылышы болуп өттү. Ошондой эле, өлкө боюнча жаңы мектептердин, спорт аянтчаларынын, сейил бактардын, гүлбакчалардын, коомдук жайлардын жана турак жай комплекстеринин масштабдуу курулушу жүрүүдө. Биз, “Бишкекбашкыархитектура” МИнин командасы, өлкөбүзгө гүлдөп-өнүгүүнү жана баарыбызга бактылуу жашоону каалайбыз! Жаркын келечек, туруктуулук жана сага болгон ишеним биздин Кыргызстан!