Борбор калаада Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы №62 Окуу тарбиялоо-комплекси мектеп-гимназиясынын аймагын көрктөндүрүү иштерин баштады.
Алсак, “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын эскиздик сунушуна ылайык, ирригациялык системаны колдонуу менен аймакка жаңы жашыл аянтчаларды отургузуу пландаштырылууда.
Мындан тышкары мектеп окуучулары үчүн кичи футбол, баскетбол, волейбол жана воркаут спорт аянтчалары, ошондой эле жасалма төшөлмө менен теннис корту түзүлөт.
Жылдын кайсы убагында болбосун спорт менен машыгуу үчүн коопсуз жана ыңгайлуу боло турган резина капталган чуркоо аянтчасы да болот.
Мектептеги иш-чараларды өткөрүү үчүн атайын жайлар жабдылып, кечкисин аймакта коопсуздукту жана ыңгайлуулукту камсыз кылуу үчүн түнкү жарыктандыруу орнотулат.
Учурда жерди пландоо жана даярдык көрүү иштери жүрүп жатат.